
.
Кыргызстанда жумуш издеген жарандар менен иш берүүчүлөрдү түз байланыштыра турган jumush.gov.kg мамлекеттик порталы ишке кирди. Анын кызматтары эки тарап үчүн тең акысыз болот.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, жаңы портал бүгүн Эл аралык университетте өткөн бош жумуш орундар жарманкесинде тааныштырылды.
Санариптик платформа эмгек рыногунун бирдиктүү экосистемасын түзүү, жарандардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана иш берүүчүлөр менен жумуш издегендердин ортосунда түз байланышты камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Долбоор министрлик тарабынан Башкы прокуратурага караштуу «Укук» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте даярдалган.
Маалыматта белгиленгендей, Эмгек кодексинин 16-беренесине ылайык, иш берүүчүлөр жаңы түзүлгөн же бошогон ар бир жумуш орду тууралуу маалыматты, анын ичинде эмгек шарттарын жана айлык акынын өлчөмүн жумушка орноштурууга көмөктөшүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жайгаштырууга милдеттүү.
Портал аркылуу иш берүүчүлөр бош жумуш орундарын өз алдынча жарыялап, керектүү адистерди издеп, талапкерлер менен түз байланыша алышат.
Ал эми жумуш издеген жарандар өлкө боюнча жарыяланган актуалдуу вакансияларды көрүп, резюмелерин жайгаштырып, иш берүүчүлөргө ортомчуларсыз түз кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Порталга jumush.gov.kg шилтемеси аркылуу кирүүгө болот.







