
.
Бишкекте Казакстан Республикасынын күнү белгиленди
2027-жылы Кыргызстан менен Казакстан дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгын белгилейт. Бул убакыт аралыгында эки өлкөнүн кызматташтыгы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлине жетип, өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 2,4 млрд доллардан ашты. Мамлекеттердин кызматташтыгы экономика, транспорттук инфраструктура, билим берүү, илим жана маданият сыяктуу бир катар тармактарды камтыйт.
Эки өлкөнүн ушул жылдар аралыгында жетишкен ийгиликтери жана келечектеги кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү 25-ноябрда Бишкекте Казакстандын элчилиги тарабынан уюштурулган Казакстан Республикасынын күнүнө арналган расмий кабыл алууда талкууланды.
Иш-чарада мамлекеттик органдардын, дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, ишкердик, илимий жана маданий чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн алдында Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абылкаир Скаков жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев сөз сүйлөштү.
Конокторду кыргыз тилинде куттуктаган Абылкаир Скаков Борбор Азия өлкөлөрүнүн жакындыгы географиялык жайгашуусу менен гана чектелбей турганын белгиледи.
«Картадан караганда Борбор Азия аралыктары алыс аймактай сезилиши мүмкүн. Бирок тарых, маданият жана адамдардын ортосундагы байланыштар мунун тескерисин көрсөтүп турат. Биздин өлкөлөр жана элдер географиялык аралыкка караганда алда канча жакын. Бул жакындыкты канчалык кылдат сактап, кызматташтыкты өнүктүрө аларыбыздан аймактын келечеги көп жагынан көз каранды», — деди дипломат.
Дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки дээрлик 35 жыл ичинде Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамлекеттер аралык кызматташтык жогорку деңгээлге жетти. 2024-жылы өлкөлөр союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. Арслан Койчиевдин айтымында, бул документ кызматташтыктын негизги багыттары боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
2025-жылы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн лидерлери достук, ынак коңшулук жана өз ара колдоо принциптеринин негизинде өнөктөштүктү өнүктүрүү ниетин дагы бир жолу ырасташкан.
Мамлекеттик катчы жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн эки өлкөнүн мамлекеттик органдары жигердүү иш алып барышы керектигин белгиледи.
Кызматташтыктын натыйжалары экономикалык көрсөткүчтөрдөн да байкалат. Абылкаир Скаков келтирген маалыматка ылайык, Казакстандын Кыргызстан экономикасына салган түз инвестицияларынын көлөмү 1,4 млрд долларга жеткен. Ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсү 2,4 млрд долларды түзгөн.
Эки өлкөнүн президенттери алдыга койгон кийинки максат — 2030-жылга чейин соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүү. Бул максатты ишке ашыруу үчүн 2025-жылдын август айында жол картасына кол коюлган. Учурда биргелешкен инвестициялык, транспорттук жана транзиттик долбоорлор ишке ашырылууда.
«Инвестициялык кызматташтыкты, өнөр жай кооперациясын, транспорттук жана чек ара инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүү мамилелерибиздин мүмкүнчүлүктөрүн дагы кеңири ачарына ишенем», — деди элчи.
Абылкаир Скаков сөзүнүн бир бөлүгүн Казакстандагы саясий реформаларга жана өлкөнүн жаңы экономикалык багыттарына арнады.
Казакстан Республикасынын күнү 1990-жылдын 25-октябрында мамлекеттик эгемендүүлүк жөнүндө декларациянын кабыл алынышы менен байланыштуу. Дал ушул документ өлкөнүн көз карандысыздыгынын негизин түзгөн. Андан берки 36 жыл ичинде Казакстан мамлекеттүүлүктү калыптандыруунун бир нече маанилүү баскычын басып өтүп, бүгүнкү күндө масштабдуу жаңылануу мезгилин баштан кечирүүдө.
Президент Касым-Жомарт Токаевдин жетекчилиги алдында өлкөдө саясий модернизация уланууда. Элчинин маалыматына караганда, 2026-жылдын март айында жалпы улуттук референдумда жаңы Конституция кабыл алынып, ал 1-июлдан тартып күчүнө кирген. Анда мамлекеттик бийликтин жаңыланган түзүмү — бир палаталуу парламент (Курултай), вице-президент институту жана Казакстандын Элдик кеңеши (Халык кеңеси) бекитилген.
Саясий реформалар менен катар экономикада да өзгөрүүлөр жүрүүдө. Казакстан өндүрүштү диверсификациялоого, транспорттук жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана жасалма интеллектти киргизүүгө көңүл бурууда.
Дипломат келтирген маалыматка ылайык, акыркы жети жылда Казакстан 155 млрд долларга жакын түз чет өлкөлүк инвестиция тарткан. Ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча калктын жан башына ички дүң продукция 15 миң долларды түзгөн. Быйыл өлкө БУУнун электрондук өкмөттү өнүктүрүү индексинде эң жогорку рейтингдик топко кирген.
«Бул өзгөрүүлөрдүн артында адамдардын татыктуу жашоосу жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусу үчүн шарт түзүү деген башкы максат турат. Мамлекеттин узак мөөнөттүү келечегин дал ушул жарандардын билими, күч-кубаты жана таланты аныктайт», — деп белгиледи Скаков.
Коңшу өлкөнүн жетишкендиктери тууралуу сөз кылган Арслан Койчиев Казакстан эгемендүүлүк жылдарында татаал өнүгүү жолун басып өтүп, саясий жана социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин, ошондой эле эл аралык аренадагы позициясын бекемдегенин айтты.
«Биз Казакстандын эгемендүүлүк жылдарындагы жетишкендиктерине чын жүрөктөн кубанабыз жана Астана өлкөнүн потенциалын бекемдөө, “Адилеттүү Казакстанды” куруу жана казакстандыктардын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча стратегиялык милдеттерин ийгиликтүү ишке ашырарына ишенебиз», — деди мамлекеттик катчы.
Ошол эле учурда эки өлкөнүн мамилеси саясий макулдашуулар, инвестициялар жана соода жүгүртүүнүн көлөмү менен гана чектелбейт. Казакстандын элчиси сөзүндө элдердин ортосундагы байланыштарга жана Кыргызстанга болгон жеке сапарларынан алган таасирлерине өзгөчө токтолду.
«Кыргыз Республикасында иштеген мезгилде бул байланышты өзгөчө терең сездим. Өлкөнүн ар кайсы аймактарына барып, 4,5 миң чакырымдан ашык жол жүрүүгө туура келди. Ар бир сапар мага Кыргызстанды жаңы өңүттөн таанытты. Бирок эң баалуу таасир адамдар менен болгон жолугушуулардан калды. Алардын ачык-айрымдыгы, чынчылдыгы жана баарлашуу учурунда сезилген туугандык мамилеси өзгөчө таасир калтырды», — деди Абылкаир Скаков.
Анын айтымында, эки мамлекеттин мамилеси билим берүү жана илимий алмашуулар, маданий демилгелер, ишкерлер менен жаштардын биргелешкен долбоорлору аркылуу дагы бекемделүүдө.
Кыргыз жана казак элдеринин жалпы тарыхы менен маданий жакындыгы эки өлкөнүн борборлорунун көркүнөн да көрүнүп турат. Бишкекте Абай Кунанбаевдин, Астанада Манастын эстеликтери орнотулган. Ошондой эле Мухтар Ауэзов менен Чыңгыз Айтматовго арналган «Алтын достук көпүрөсү» эки элдин достугунун символуна айланган.
«Бул символдордо бири-бирибиздин мурасыбызга болгон урмат-сый жана ишеним чагылдырылган. Дал ушул ишеним жогорку деңгээлдеги диалог үчүн бекем негиз түзөт», — деди дипломат.
Арслан Койчиев да маданий байланыштарга токтолду. Анын айтымында, Кыргызстан менен Казакстанда биргелешкен концерттер, гастролдор, көргөзмөлөр, кинофестивалдар жана эки өлкөнүн көрүнүктүү маданият ишмерлеринин мааракелерине арналган иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.
Казакстанда Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына арналган мюзикл көрсөтүлгөн. Мамлекеттик катчынын белгилешинче, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Казакстандын катышуусу эки элдин жакындашуусуна дагы чоң салым кошкон.
Улуттук майрамга карата казакстандыктарды куттуктаган Арслан Койчиев Кыргызстан менен Казакстандын кызматташтыгы көп кылымдык достуктун негизинде мындан ары да ырааттуу жана жемиштүү өнүгөрүнө ишеним билдирди.
Сөзүнүн соңунда Абылкаир Скаков кайрадан географиялык аралык жана элдердин жакындыгы темасына кайрылды.
«Эч бир сызык элдердин ортосундагы мамилелердин бүтүндөй тарыхын камтый албайт, ал эми аралык дайыма эле чакырым менен өлчөнбөйт. Аны ишеним, өз ара урматтоо жана бири-бирин угууга даяр болуу кыскартат. Өзгөрүүлөр күнүмдүк жашоонун бир бөлүгүнө айланган азыркы дүйнөдө диалог үчүн мейкиндикти сактоо өзгөчө маанилүү», — деп баса белгиледи элчи.
Элчи Кыргызстан жетекчилигине жана элине, дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, ишкердик, илимий жана маданий чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнө достукту жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн элдерине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.



