
.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарында кыргыз тилин үйрөнүүнү каалагандар үчүн акысыз курстарды уюштурууну сунуштады. Бул маселени ал 25-ноябрда парламенттин жыйынында көтөрдү.
Депутаттын айтымында, ал мындай демилгени буга чейин да сунуштаган. Өкмөт макулдугун бергенине карабастан, маселе ушул күнгө чейин ишке ашпай келген.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев быйыл кыргыз тилин акысыз үйрөтүүчү онлайн платформа иштелип чыгып, келерки жылы пайдаланууга берилерин билдирди. Ал эми офлайн курстарды уюштурууга каржы маселеси тоскоол болуп жатканын белгиледи.
Буга байланыштуу Бекешев курстарды уюштурууга канча каражат талап кылынарын эсептеп чыгып, аны республикалык бюджетке киргизүүнү сунуштады.
«Канча каражат кетет? Азыр республикалык бюджетти карап жатабыз. Сиз санап чыкпайсызбы, биз ошону киргизели. Өкмөт деле каршы болбойт го. Бюджетте профицит 32 миллиард сом болсо, окутууга ашып кетсе 5-10 миллион сом кетиши мүмкүн», — деди депутат.
Ошондой эле жыйында балдар үчүн кыргыз тилиндеги окуу жана көңүл ачуучу материалдарды көбөйтүү маселеси талкууланды.
Мелис Мураталиевдин маалыматына караганда, кыргыз тилиндеги мультфильмдерди көбөйтүү үчүн быйыл 50 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми кийинки жылга бул сумманы 200 миллион сомго чейин көбөйтүү тапшырмасы берилген. Мындан тышкары, бала бакча курагындагы балдар үчүн атайын китептерди чыгаруу программасы да ишке ашырылууда.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 17-июлунда президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, эл алдындагы расмий иш-чаралар да кыргыз тилинде өткөрүлүүгө тийиш.



