
.
Бишкекте кыргыз тил илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири, көрүнүктүү лексикограф жана агартуучу, академик Кусеин Карасаевдин 125 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чара академик Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде «Уңгужол доктринасы жана К. Карасаевдин илимий-агартуучулук мурасы: өткөндөн келечекке» деген темада уюштурулду.
Конференцияда окумуштуунун кыргыз тил илиминин, орфографиясынын жана сөздүк корунун калыптанышына кошкон салымы талкууланды. Катышуучулар анын татаал тарыхый мезгилдерде эне тилдин тазалыгын сактап калуудагы өзгөчө эмгегин белгилешти. Ошондой эле Карасаевдин илимий мурасы бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой, «Уңгужол» доктринасынын руханий негиздеринин бири экени айтылды.
Жыйынга мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, илим жана жогорку билим берүү министри Гүлзат Исаматова, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Кытай, Башкортостандан келген окумуштуулар катышты.
Иш-чаранын алкагында Кусеин Карасаевдин эстелигине гүл коюлуп, анын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү фильм көрсөтүлдү. Мындан тышкары, окумуштуунун илимий эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулду.
Салтанаттын жүрүшүндө «Академик Кусеин Карасаев» медалы тапшырылды. Мааракелик иш-чара Бишкек мамлекеттик университетинин студенттеринин жана мэриянын эл аспаптар оркестринин концерттик программасы менен жыйынтыкталды.







