
.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо мамлекеттик борборуна 63 жаңы унаа тапшырылды. Алар өлкөнүн аймактарында айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди өткөрүүдө колдонулат.
Мекеменин маалыматына караганда, унаалар ар кандай категориялар үчүн сатылып алынган. Тактап айтканда:
C1E категориясы үчүн — 18 LKW Center чиркегичи;
C категориясы үчүн — 17 ISUZU унаасы;
C1 категориясы үчүн — 16 ISUZU унаасы;
D категориясы үчүн — 12 JAC SUNRAY унаасы.
Жаңы унаалар заманбап видеокөзөмөл системалары менен жабдылган. Ал эми экзамен кабыл алган кызматкерлерге көкүрөккө тагылуучу видеокамералар берилди. Кийинки этапта практикалык экзамендерди кабыл алуу процессин автоматташтыруу пландалууда.
Белгилей кетсек, буга чейин мамлекеттик автошколаларга «В» категориясы боюнча практикалык сабактарды өткөрүү үчүн 70 жаңы унаа тапшырылган. Ошентип, ноябрь айында айдоочуларды даярдоо жана экзамендерди өткөрүү үчүн жалпы 133 жаңы транспорт каражаты берилди.
Мындан тышкары, мамлекеттик борбордун инфраструктурасын жаңылоо иштери да жүрүп жатат. Буга чейин Ош шаарында жаңы автодром пайдаланууга берилген.
Ал эми Бишкекте мамлекеттик борбордун тарыхында биринчи жолу өзүнүн көп функционалдуу комплекси курулууда. Анда борбордук аппарат, борбор калаадагы бардык аймактык бөлүмдөр, каттоо кызматтары, теориялык жана практикалык экзамендерди өткөрүү аянтчалары жайгашат. Комплекстин аймагында заманбап технологиялар менен жабдылган ири автодром да курулууда.
Ошондой эле Бишкек шаарында дагы эки заманбап автодромдун курулушу жүрүп жатат.



