
.
Сары-Челек коругунда туристтерди электробустар ташыйт
Жалал-Абад облусундагы Сары-Челек биосфералык коругунда визит-борбор курулуп, көлгө чейинки жолдор асфальтталып, 20 электробус каттамга чыгарылат. Бул системаны 2027-жылы ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди.
Маалыматка ылайык, визит-борбордо түнөп калууну каалаган туристтер үчүн бөлмөлөр, коворкинг, кофейня, дүкөн, кир жуучу жай жана дааратканалар уюштурулат.
Ошондой эле коруктун ичиндеги жолдор, анын ичинде көлгө баруучу жол асфальтталат. Бул чаңдын көтөрүлүшүн азайтуу максатында жасалат.
Коруктун аймагында туристтер үч багыт боюнча каттаган 20 электробус менен жүрө алышат. Келүүчүлөр кирүү акысын жана жол кирени QR-код аркылуу төлөшөт.
Электробустар туристтерди көлгө чейин жеткирет. Бирок көлдүн жээгинде унаа токтотуучу жайлар каралбайт. Ошондой эле жеке автоунаалардын көлгө чейин кирүүсүнө чектөө коюлат.
Белгилей кетсек, Сары-Челек — ушул эле аталыштагы биосфералык коруктун аймагында жайгашкан бийик тоолуу көл. Ал ЮНЕСКОнун биосфералык резерваттар тармагына кирет.



