
.
Кыргызстан Ceoworld Travel Safety Ranking 2027 рейтингинде туристтер үчүн дүйнөдөгү эң коопсуз өлкөлөрдүн катарына кирип, 65-орунду ээледи.
Рейтингди түзүүдө өлкөлөрдөгү коомдук коопсуздуктун деңгээли, туруктуулук жана тынч абал эске алынган.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында эң жогорку көрсөткүчтү Өзбекстан көрсөтүп, 27-орунга жайгашты. Казакстан 44-орунду, Түркмөнстан 57-орунду, Кыргызстан 65-орунду, ал эми Тажикстан 73-орунду ээледи.
Рейтингдин сап башына Сингапур чыкса, акыркы орунду Гаити ээледи.



