
.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектин тургундары Анкара көчөсүндө жайгашкан №1 тергөө абагынын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү курбоону өтүнүп жатканын билдирди.
Ал 25-ноябрда парламенттин жыйынында СИЗО-1ди борбор калаадан көчүрүү пландалып жатканын эске салып, бул чечимди туура кадам катары баалады.
Депутаттын айтымында, шаар тургундары бошогон аймакка жер алдындагы унаа токтотуучу жай куруп, анын үстүнө парк уюштурууну сунушташууда.
«Бирок СИЗО-1дин ордуна эмне курулат? Тургундар ал жерге көп кабаттуу үйлөрдү салбоону суранышууда. Алар жер алдына унаа токтотуучу жай куруп, үстүнө парк уюштурууну сунушташат. Курулуш компанияларынын, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жана мэриянын бул жерге кызыгуусу чоң экенин түшүнүп турам. Бул абдан жагымдуу аймак. Бирок жарандардын ден соолугун да ойлонолу. Шаардын борборунда парк болгону кандай жакшы! Албетте, бак-дарактардан көп киреше таппайсың, бирок ошентсе да ал жерге унаа токтотуучу жай жана парк курууну өтүнөм. Үйлөрдү кура турган жерди дагы табабыз», — деди Бекешев президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнө кайрылып.



