
.
Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева депутаттык мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергени тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал 26-ноябрда «Азаттыкка» билдирген.
«Мен мыйзам долбоорлорум менен эле отурам. Ага эч кандай негиз жок. Мандат адам каза болгондо алынат, мен азырынча тирүүмүн», — деген депутат.
Кийинчерээк Талиева парламенттин жыйынында да бул маселеге токтолгон. Анын айтымында, мандатын тапшырганы тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери тараткан. Депутат бул кызматкерди парламент төрагасы Марлен Маматалиев жумуштан алганын билдирген.
Буга чейин социалдык тармактарда Камила Талиева депутаттык мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганы тууралуу маалымат тараган.
58 жаштагы Талиева Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына №1 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланган. Буга чейин 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен депутат болгон. Ошондой эле 2010–2012-жылдары «Ар-Намыс» партиясынын тизмеси менен парламентке келген.
Эске салсак, Талиева 18-ноябрдагы парламент жыйынында Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин ишмердигин сынга алып, аны шайлоо штабдарын ачкан жана Жогорку Кеңештин депутаттарына каршы иш жүргүзгөн деп айыптаган.
Кийинчерээк Борбордук шайлоо комиссиясы Жанарбек Акаевдин шайлоо өнөктүгүнө аралашканы тууралуу маалыматты төгүндөгөн. Бул окуядан соң социалдык тармактарда Камила Талиеванын айланасында талкуулар күчөгөн.







