
.
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңеши 2027-жылы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) органдарына Кыргызстан төрагалык кылуучу мамлекет болорун караган чечимдин долбоорун жактырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россияга болгон иш сапарынын алкагында ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Евразиялык экономикалык интеграциянын негизги багыттарын камтыган күн тартибиндеги 48 маселени карашты. Анда соода-экономикалык кызматташтык, өнөр жай кооперациясы, энергетика жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Кыргызстандын 2027-жылы төрагалык кылуучу мамлекет катары аныкталышынан тышкары, ЕАЭБ алкагында органикалык продукцияны таануу тартиби жөнүндө макулдашуунун долбоору да жактырылды.
Документте биримдикке мүчө мамлекеттердин органикалык продукцияга берилген сертификаттарды өз ара таануусу каралган. Бул анын жалпы рынокто эркин жүгүртүлүшүн жана сатылышын жеңилдетет. Ошондой эле өндүрүүчүлөр үчүн соода тоскоолдуктарын азайтып, керектөөчүлөрдүн ишенимин арттырууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, кеңеш «Синтетикалык жуучу каражаттардын жана тиричилик химиясынын коопсуздугу жөнүндө» ЕАЭБдин техникалык регламентин кабыл алды.
Аталган документ тиричилик химиясынын коопсуздугуна карата бирдиктүү талаптарды, анын ичинде продукциянын шайкештигин баалоо, идентификациялоо жана маркалоо эрежелерин белгилейт.
Техникалык регламенттин ишке ашырылышы продукциянын коопсуздугун жогорулатууга, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого жана ЕАЭБ рыногунда товарлардын жүгүртүлүшү үчүн бирдей шарттарды түзүүгө багытталган.
Регламент 2032-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Жыйындын жыйынтыгында каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.



