
.
Бишкек шаарында өткөн «Айыл чарбасындагы аялдар: жетишкендиктерден жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай» аттуу улуттук форумдун алкагында айыл чарбасын жана айыл аймактарын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон жети аялга «Кыргызстан сыймыктанган аялдар» атайын сыйлыгы тапшырылды.
Сыйлык ээлери өлкөнүн ар кайсы аймактарында өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана ишкердик тармактарында эмгектенишет.
Алардын катарында Нарын облусунун Жумгал районунан Жамиля Тойчубекова бар. Ал сапаттуу дан өсүмдүктөрүнүн сортторун өстүрүп, жергиликтүү дыйкандар менен кызматташуу аркылуу айыл чарбасынын өнүгүшүнө салым кошуп келет.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан Күлүйпа Жүзүмалиева органикалык азыктарды өндүргөн ишкананы жетектейт. Ишкананын жылдык товар жүгүртүүсү 20 миллион сомду түзөт. Акыркы беш жылда кирешеси 30 пайызга көбөйүп, 20дан ашык адам жумуш менен камсыз болгон.
Баткен облусунун Кадамжай районунан Михман Бердикулова 2004-жылы негизделген «Ак-Бий» фермердик чарбасын жетектейт. Чарба райондогу тогуз мектепти жана бала бакчаны эт-сүт азыктары менен камсыздайт.
Чүй облусунун Сокулук районунан Гүлүмкан Болотова 40 жылдык зоотехникалык тажрыйбасына ээ. Ал малдын асыл тукумдук сапатын жакшыртууга жана жасалма уруктандыруунун көрсөткүчүн үч эсеге жогорулатууга салым кошкон.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунан Пардакан Томуева 2014-жылдан бери койдун жүнүн кайра иштетүү, шырдак жана улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн кийиз буюмдарын жасоо менен алектенет.
Ош облусунун Өзгөн районунан Бурулкан Карыбекова 2010-жылдан бери 3,3 гектар аянттагы күнөсканада помидор, бадыраң, калемпир, брокколи, брюссель капустасын жана лимон өстүрөт.
Талас облусунун Талас районунан Сайрагүл Шабданова 2019-жылдан бери «Алтын Балык» балык чарбасын жетектеп, балык өстүрүү жана продукция өндүрүү менен алектенет.
Белгилей кетсек, форум Эл аралык фермер аялдардын жылынын алкагында уюштурулган. Ага өлкөнүн жети облусунан келген фермер аялдар, айыл жергесиндеги ишкер айымдар, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.



