
.
Түндүк Корея Швейцариянын дипломатиялык өкүлүнө өлкөдөн чыгып кетүү үчүн 48 саат убакыт берип, өлкөдөгү дипломатиялык кеңсесин жабууну талап кылды. Буга эки өлкөнүн ортосундагы санкцияларга байланыштуу пикир келишпестик себеп болгон.
Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Швейцариянын Вонсан шаарындагы «Сонгдовон» эл аралык балдар лагерине санкция киргизгенинен кийин кабыл алынган. Аталган лагерге ар кайсы өлкөлөрдүн, анын ичинде Орусия менен Кытайдын балдары барышат.
Лагерь Украинанын Орусия оккупациялаган аймактарынан балдарды көчүрүүгө катыштыгы бар деп айыпталууда.
Түндүк Кореянын мамлекеттик KCNA маалымат агенттиги Швейцариянын санкцияларын «ачык эле кастык аракет» деп атады.
Агенттик Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги Швейцариянын дипломатиялык өкүлүн persona non grata (жагымсыз адам) деп жарыялап, 48 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылганын билдирди.
Бул дипломатиялык чыңалуу Швейцариянын тышкы иштер министри Иньяцио Кассистин Түндүк Кореяга жасаган сейрек сапарынан бир нече жума өткөндөн кийин болду. Ал сапардын алкагында дипломатиялык кеңсе расмий түрдө кайра ачылып, эки өлкөнүн мамилесин жөнгө салуу маселелери талкууланган.
Швейцария бийлиги эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык байланыштар Түндүк Кореянын Берн шаарындагы элчилиги жана Швейцариянын Бээжиндеги элчилиги аркылуу улантыларын билдирди.



