
.
Бир нече талапкерге бир убакта кол коюуга болот — Аскат Алагозов
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов президенттикке талапкерлигин коюп, бирок каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон 30 миң кол топтой элек жарандарды колдоого чакырды.
Ал белгилегендей, 8-декабрга чейин ар бир жаран «Түндүк» тиркемеси аркылуу талапкерлерди колдой алат. Мында бир эле учурда бир нече талапкерге кол коюуга уруксат берилет.
Алагозовдун айтымында, талапкерди көрсөтүү үчүн кол коюу добуш берүү болуп эсептелбейт. Бул болгону шайлоого катышууга уруксат алуу үчүн мыйзамда белгиленген шарттардын бири. Ошондой эле «Түндүк» тиркемеси аркылуу кол топтоого эч ким тоскоолдук кыла албайт.
Ушуга байланыштуу ал кол топтоо процессине административдик басым көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн четке кагып, бул маселени саясатташтырбоого чакырды.
Эске салсак, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. Бул жолку шайлоодо булуттагы электрондук кол тамга аркылуу кол топтоо ыкмасы биринчи жолу колдонулууда.
Өлкө башчылыгына 11 адам талапкерлигин көрсөткөн. Алар Борбордук шайлоо комиссиясына кол топтолгон баракчаларды 8-декабрга чейин тапшырышы керек. Ал эми каттоодон өткөн талапкерлердин акыркы тизмеси 23-декабрга чейин бекитилет.



