
.
Таласта адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектелген тогуз жаран кармалды
Талас шаарында бир нече адамга кол салуу жана сабоо фактылары боюнча тогуз жаран кармалды. Алардын арасында ички иштер органдарынын бир кызматкери бар. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 20-ноябрында саат 00:00 чамасында Б. Баатыр жана Ш. Шеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде А.Ш. аттуу жаранга бир нече адам ар кандай буюмдар менен кол салып, сабашкан. Андан соң шектүүлөрдүн бири аны автоунаасы менен сүзгөн.
Бул факты боюнча кылмыш иши адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кайра квалификацияланган. Анын алкагында 1994–1995-жылдары туулган жети жаран кармалды. Ошондой эле окуяга тиешеси бар төрт автоунаа айып короого киргизилди.
Мындан тышкары, өзүнчө кылмыш ишинин алкагында дагы эки жаран кармалган. Тергөөдө алар 2026-жылдын 17-ноябрында Талас шаарындагы соода борборлорунун биринин жанында С.Н. аттуу жаранды сабап, кийин шаардын четиндеги ипподромго алып барышып, ур-токмокко алууну улантышканы аныкталган.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Жалпысынан тогуз шектүүнүн баары соттун чечими менен камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары уланууда. Иштин жүрүшү Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө.



