
.
Акыйкатчы: Нарын жана Ысык-Көлдө эрте никенин алдын алуу иштери жетишсиз жүргүзүлүүдө
Кыргызстандын Акыйкатчы институту Нарын жана Ысык-Көл облустарында эрте никенин жана өспүрүмдөр арасындагы кош бойлуулуктун алдын алуу боюнча мониторинг жүргүзүп, мамлекеттик органдардын ишиндеги бир катар кемчиликтерди аныктады.
Институттун маалыматына ылайык, мониторинг Президенттин администрациясынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте Кочкор, Ат-Башы, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда өткөрүлгөн.
Текшерүүдө айрым райондордо эрте никенин алдын алуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлбөй турганы аныкталган. Ал тургай, кээ бир билим берүү бөлүмдөрүнүн иш-пландарына бул багыттагы иш-чаралар киргизилген эмес. Ошондой эле эрте никеге турган кыздардын окуусун улантуусу жана мектепти аяктоосу көзөмөлгө алынган эмес.
Мындан тышкары, бардык текшерилген райондордогу Балдар иштери боюнча комиссиялар нике курагын төмөндөтүү боюнча арыздарды үстүртөн карап, көрсөтүлгөн жүйөлөрдү толук текшербестен, дээрлик бардыгын канааттандырган.
Мисалы, Жети-Өгүз районунда 2025-жылы нике курагын төмөндөтүү боюнча 10, ал эми 2026-жылы беш арыз каралып, бардык учурда өспүрүм кыздардын турмушка чыгуусуна уруксат берилген.
Кочкор районунда 2025-жылы эки, 2026-жылы дагы эки өспүрүм кыздын турмуш куруусуна уруксат берилген. Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, алардын бардыгы кош бойлуу болушкан.
Тоң районунда нике курагын төмөндөтүү боюнча 2025-жылы беш, 2026-жылы бир арыз түшкөн. Комиссия кош бойлуулукту негиз катары көрсөтүп, турмушка чыгууга уруксат берген. Бирок бул жагдайды тастыктаган документтерди талап кылган эмес.
Ал эми Ат-Башы районундагы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын маалыматына караганда, 2025–2026-жылдары нике курагын төмөндөтүү боюнча бир дагы арыз каралган эмес. Райондук ички иштер башкармалыгы да эрте никеге байланыштуу фактылар катталбаганын билдирген.
Мониторингдин жүрүшүндө мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуу да жетишсиз экени белгилүү болгон. Маселен, Жети-Өгүз райондук төрөт үйүнүн маалыматы боюнча, 2025-жылы бир, ал эми 2026-жылдын алты айында дагы бир өспүрүм кыз төрөгөн. Бирок райондук ички иштер бөлүмү өткөн жылы эрте никеге байланыштуу бир дагы факт катталбаганын билдирген.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2025-жылы өлкө боюнча жашы жете электер менен никеге туруу боюнча 340 факт катталган. Бирок алардын 64ү боюнча гана кылмыш иши козголгон.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы өлкөдө 327 жашы жете элек кыз кош бойлуулук боюнча каттоого алынган. Алардын 315и төрөгөн. Төрөгөндөрдүн төртөө 14 жашта, бирөө 13 жашта болгон. Мындан тышкары, 39 жашы жете элек кыз бойдон алдырган.
Белгилей кетсек, Акыйкатчы институту эрте никенин алдын алуу боюнча мониторингдин алгачкы эки этабын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында өткөрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштамаларды берген.



