
сүрөт интернет булактарынан маалыматтык максатта колдонулду
Темир Сариевнин Черногорияга болгон иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн ишкердик кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар келишимдер түзүлдү.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы билдиргендей, сапар учурунда мекеменин чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүн кеңейтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулган. Кыргызстандын Черногориядагы консулу Бекназар Асанов палатанын аталган өлкөдөгү расмий өкүлү катары тааныштырылды. Ал кыргыз жана черногориялык ишкерлердин байланышын чыңдоого көмөктөшмөкчү.
Сапардын жүрүшүндө Темир Сариев Черногориянын Соода палатасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Анда туризм тармагындагы байланыштарды өнүктүрүү жана кыргызстандык адистер үчүн тажрыйба алмашуу программаларын уюштуруу маселелери камтылган.
Маалыматта белгиленгендей, Черногориянын ички дүң продукциясынын 30 пайыздан ашыгы туризм тармагына туура келет. Бул тажрыйба Кыргызстан үчүн да маанилүү экени айтылды.
Ошондой эле Черногориянын Экономика министрлиги жана Черногориянын Туризм министрлиги менен болгон жолугушууларда соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестиция тартуу жана кыргыз компанияларынын Европа рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Тараптар Черногория Европа биримдигине талапкер өлкө катары кыргыз бизнеси үчүн Европага жол ачкан маанилүү өнөктөш боло аларын белгилешти.
Мындан тышкары, кыргыз тарап быйыл октябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен өтө турган эл аралык туристтик форумга чакыруу алды.