
.
Ички иштер министрлиги ата-энелерди балдарына жардыруучу заттар коюлганы тууралуу жалган билдирүүлөрдүн кесепеттерин түшүндүрүүгө чакырды. Мындай учурлардын арасында жашы жете электер тарабынан жасалган аракеттер да көбөйүп жатканы белгиленди.
Ведомствонун маалыматына караганда, жардыруучу түзүлүш коюлганы тууралуу жалган маалымат таратуу жөн гана тамаша эмес. Ар бир мындай билдирүү боюнча тиешелүү кызматтар ыкчам чара көрүп, текшерүү иштерин жүргүзүүгө аргасыз болушат. Бул үчүн укук коргоо жана өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын көптөгөн күчү жана каражаты сарпталат.
Мындан тышкары, жалган билдирүүлөр коомчулук арасында дүрбөлөң жаратып, мамлекеттик мекемелердин кадимки ишине тоскоолдук кылат.
Ушуга байланыштуу ИИМ ата-энелерди балдарынын жүрүм-турумуна, кимдер менен байланышып жатканына көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле мындай аракеттерге жол берилбестигин жана мыйзам алдында жоопкерчилик каралганын түшүндүрүү зарылдыгын белгиледи.
Министрлик ата-энелерден бул маселеге кайдыгер карабай, балдары менен өз убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өтүндү.



