
.
Кыргызстан 31-Ташкент эл аралык туристтик жарманкесинде «Мыкты улуттук павильон» номинациясы боюнча сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, «Жибек жолундагы туризм» аталышындагы TITF-2026 жарманкесинде Кыргызстандын улуттук стенди жогорку баага татыган.
Улуттук стилде жасалгаланган павильондо өлкөнүн бай маданий мурасы, көчмөн элдин каада-салттары, кооз жаратылышы жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.
Сыйлык Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фондунун жана ата мекендик туристтик компаниялардын биргелешкен аракетинин натыйжасында алынган.
Бул жетишкендик Кыргызстандын эл аралык туристтик рыноктогу ордун бекемдөөгө жана өлкөнүн туристтик дараметин дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөт.



