
.
Кытай тарыхында биринчи жолу бортунда чет өлкөлүк космонавт бар пилоттук космостук кемени учурду. «Шэньчжоу-24» кемеси менен Пакистандын жараны, учкуч Мухаммад Зишан Али «Тяньгун» орбиталык станциясына жөнөтүлдү. Бул тууралуу «Синьхуа» агенттиги Кытайдын пилоттук космостук учуулары программасына таянып билдирди.
Космостук кеме бүгүн Пекин убактысы боюнча саат 08:18де (Бишкек убактысы боюнча 06:18де) «Цзюцюань» космодромунан учурулган. Учуруудан болжол менен 10 мүнөт өткөндөн кийин кеме «Чанчжэн-2F» ракетасынан бөлүнүп, белгиленген орбитага чыккан. Экипаждын абалы жакшы экени кабарланды.
40 жаштагы Мухаммад Зишан Али менен кошо космоско кеменин командири Тан Хунбо жана бортинженер У И аттанды. Ошентип, Али орбитага чыккан биринчи пакистандык жаран жана Кытайдын «Тяньгун» станциясына барган алгачкы чет элдик космонавт болот.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, пакистандык космонавт Бээжинде жети айлык даярдыктан өткөн. Анын ичинде кытай тилин үйрөнүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Ал орбиталык станцияда беш күндөн он күнгө чейин болуп, илимий эксперименттерди жүргүзөт.
Миссиянын алкагында Кытай менен Пакистандын биотехнология жана материал таануу тармактарындагы төрт биргелешкен долбоору ишке ашырылат. Алардын бири фотосинтез жүргүзүүчү цианобактериялар боюнча экспериментти камтыйт.
Кыска мөөнөттүү миссия аяктагандан кийин Мухаммад Зишан Али Жерге «Шэньчжоу-23» кемеси менен кайтып, ага чейин станцияда иштеген эки космонавт менен бирге учуп келет.
Белгилей кетсек, бул тарыхый учуу Кытай менен Пакистандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 75 жыл толгон маалда ишке ашты. Кытайдын космостук мекемеси миссияны эки өлкөнүн кызматташтыгындагы маанилүү кадам катары баалап, башка мамлекеттер менен да кызматташууга даяр экенин билдирген.