
.
Иранда «коомдук адеп-ахлакка шек келтирүү» айыбы менен соттолгон 29 жаштагы ырчы Парасту Ахмади жана аны коштогон үч музыкантка карата чыгарылган өкүм аткарылды. Аларга 74 жолу балак урулду. Бул тууралуу «Фарда» радиосу билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмыш ишине ырчынын хижабсыз ырдаган концертинин интернет аркылуу түз көрсөтүлүшү себеп болгон.
Жаза ырчыдан тышкары музыканттар Сохейл Фагих-Насири, Амин Тахери жана Амирали Пирниага, ошондой эле концерттин уюштуруучусу Мохсен Лашкариге карата колдонулган.
Мындан тышкары, соттолгондорго эки жыл бою чыгармачылык менен алектенүүгө жана өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.
Окуяга себеп болгон концерт 2024-жылдын 11-декабрында Кум шаарына жакын жайгашкан тарыхый Дейр-Гачин кербен сарайында өткөн. Көрүүчүлөрсүз уюштурулган концерт ырчынын YouTube-каналында түз эфирде көрсөтүлгөн. Анда Парасту Ахмади башына жоолук салынбаган, жеңи жок көйнөк кийип, эркек музыканттардын коштоосунда ырдаган.
Быйыл июнь айында сот ырчыны жана дагы сегиз адамды «коомдук адеп-ахлакка шек келтирүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок айыпталуучулар өздөрүнө коюлган күнөөнү мойнуна алышкан эмес.



