
.
Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сыймык Жапыкеевди колдоо иретинде чогултулган 31 140 кол тамга анык деп таанылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-ноябрда, БШКнын талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу кол тамгалардын аныктыгын текшерди. Иш-чарага талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайкүл Айдаралиева да катышты.
Кол топтоо «Кол чогултуу» автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлгөн. Текшерүүдө тутумдагы маалыматтар салыштырылып, чогултулган кол тамгалардын аныктыгы аныкталды.
Анын жыйынтыгында 31 140 кол тамга жарактуу деп табылып, талапкерге кол коюу барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү маалымкат берилди.



