
27-апрелде Москвада калың кар жаап, кардын бийиктиги 12 сантиметрге жетти. Аба ырайы боюнча кооптуулук деңгээли жогорулатылды.
Бүгүн, 27-апрелде Орусиянын борбору Москва шаарында күтүүсүздөн кар жаады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
Эртең менен шаардагы кардын калыңдыгы 12 сантиметрге чейин жеткени белгилүү болду. Синоптик Михаил Леустун айтымында, мындай көрсөткүч ушул күн үчүн тарыхый рекорд болуп эсептелет. Буга чейин эң жогорку көрсөткүч 10 сантиметр болгон.
Адистердин маалыматына ылайык, мындай аба ырайына түндүк Атлантика тараптан келген күчтүү циклон себеп болгон. Ушуга байланыштуу аба ырайынын кооптуулук деңгээли “сарыдан” “кызгылт сарыга” чейин көтөрүлгөн.
Жаман аба ырайынын кесепетинен шаарда кеминде 50 дарак кулап, бир нече унаа зыян тартты. Айрым жерлерде жол кырсыктары катталып, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.
Шаар бийлиги тургундарга жана конокторго коомдук транспортту пайдаланууну сунуштады. Ошондой эле самокат жана велосипед ижарасы убактылуу токтотулду. Коммуналдык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы маалымдалды.