
.
Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасына өздүк булактар билдирген.
Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим 23-ноябрда кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Улан Майлибашев биринчи жолу 2021-жылдын июнь айында Кант шаарынын мэри болуп шайланган. Ал эми 2024-жылдын апрель айында административдик-аймактык реформадан жана Кантка облустук маанидеги шаар макамы берилгенден кийин президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен кайрадан бул кызматка дайындалган.
25-ноябрда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы Майлибашевдин Кант шаарынын мэри кызматынан бошотулганын расмий жарыялады.