
.
Электросамокаттарды ижарага берүүгө жаш курак боюнча чектөө киргизүүнү Медер Чотонов сунуштап, долбоорду парламент биринчи окууда жактырды. Бирок талкууда депутаттар ар башка пикирлерди айтышты. Төрага Марлен Маматалиев сунуштар экинчи окууда караларын билдирди.
Талкууда эл өкүлдөрү төмөнкүлөрдү айтышты:
⭕️Уланбек Жаанбаев чектөө ижарадагы самокаттарга гана тиешелүү болсо, адилетсиз болуп каларын белгиледи. Ал талаптар жеке менчик жана ижарадагы самокаттарга бирдей колдонулушу керектигин айтты
⭕️Улан Сариев "скутерлер же самокаттар өзүнчө жүрүшү керек, аларга тротуарда жүрүүгө тыюу салсаңыздар колдойбуз" деди
⭕️Дастанбек Жумабеков баяндамачы 16 жаш десе, документте 18 жаш көрсөтүлгөнүн айтып, жеке мобилдүүлүк каражаттары деген түшүнүктү да так аныктоого чакырды
⭕️Жаныбек Абиров жана Советбек Рустамбек уулу самокаттарга толук тыюу салууну сунушташты. Алар жаш куракты текшерүү милицияга кошумча жүк болорун, самокаттар коркунуч жаратып жатканын айтышты
⭕️Улукбек Узакбаев жумушчу топ түзүп, бизнес өкүлдөрүн жана башка кызыкдар тараптарды чакырып, сунуштарды кеңири талкуулоону сунуштады
⭕️Камила Талиева самокатчылар пенсионерлерди сүзүп, качып кеткен учурларды эске салды. Ал ата-энеси сатып берген самокаттарды да мыйзамда камтууну сунуштады
⭕️Улугбек Ормонов ишкерлерге жана жарандарга таасир эткен чектөөлөр болгондуктан, долбоорго экономикалык талдоо жүргүзүү керектигин белгиледи
⭕️Дастан Бекешев толук тыюуга каршы чыкты. Ал самокаттарды тротуардан чыгарып, автобус үчүн тилке менен жүрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады



