
MBANK кардарларына кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен 10 жылга чейинки мөөнөткө каржылоо лимитин сунуштайт. Кыймылсыз мүлк бир жолу күрөөгө таризделет, андан кийин бекитилген лимиттин чегинде каражаттарды бөлүктөргө (транштарга) бөлүп алууга болот. Бул тууралуу банктан билдиришти.
Лимиттин өлчөмү кыймылсыз мүлктү баалоонун жыйынтыгынын жана банктын чечиминин негизинде аныкталат. Жылдык чен 16%дан башталат, ал эми кошумча нарк чынжырларын агрофинансылоо программасынын катышуучулары үчүн 10%дан башталат.
Банктын түшүндүрмөсүнө ылайык, кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп кадимки кредит алганда, ар бир жаңы карыз үчүн документтерди кайра тариздөө талап кылынат. Ал эми каржылоо лимитинде күрөө бир жолу катталып, ар бир траншты алууда кайра таризделбейт. Пайыздар пайдаланылган каражатка гана эсептелет.
Өнүм жеке жактарга, жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга жеткиликтүү. Каражаттарды жеке муктаждыктарга да, бизнес максаттарына да колдонууга болот. Мисалы, бизнести кеңейтүүгө, ири сатып алууларга же оңдоо иштерине жумшоого мүмкүн.
Лимитти кантип тариздөө керек:
Күрөөнү бир жолу тариздеп, ар бир траншты алууда кайра каттоодон өтпөстөн, 10 жыл ичинде ар кандай максаттар үчүн каржылоо алыңыз.
MBANK — биринчи санарип. Кыргызстандын өнүмү!
КР УБ №014 лицензиясы.







