
.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аба чабуулунан коргонуу күчтөрүнүн мурдагы башчысы жана №23565 аскер бөлүгүнүн командири кармалды. Бул тууралуу Аскер прокуратурасы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармоо кылмыш ишин тергөөнүн алкагында топтолгон материалдардын жана соттук-техникалык экспертизалардын корутундуларынын негизинде жүргүзүлгөн.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2024-жылдын 17-январында №23565 аскер бөлүгүнүн аэродромунда окуу-машыгуу учуусун аткарып жаткан Ми-8 аскердик тик учагы кыйраган. Кырсыктын кесепетинен тик учактын командири каза болуп, дагы 10 аскер кызматкери ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.
Окуянын натыйжасында мамлекетке келтирилген материалдык зыян 50 миллион сомдон ашкан.
Учурда Аскер прокуратурасы тик учактын кыйрашына алып келген бардык жагдайларды аныктоо боюнча тергөө иштерин улантууда.
Тергөө аяктагандан кийин окуяга тиешеси бар экени аныкталган Коргоо министрлигинин командалык курамындагы башка кызмат адамдарынын аракеттерине да укуктук баа берилери белгиленди.







