
.
Чүй облусунун Сокулук районунда жашы жете элек балага карата сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу арыз боюнча текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 16-октябрында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 2012-жылы туулган уулуна карата сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу атасы арыз менен кайрылган.
Арыз ээсинин айтымында, 2026-жылдын июнь айынан август айына чейин алардын кошунасы С. аттуу жаран баласына күч колдонуп, коркутуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган болушу мүмкүн.
Бул факты боюнча материалдар каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Учурда окуянын бардык жагдайлары аныкталууда.



