
.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери диафрагма грыжасынын сейрек кездешүүчү түрү аныкталган алты айлык ымыркайга ийгиликтүү операция жасашты. Бул тууралуу медициналык мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, операция чоң кесиктерсиз, лапароскопиялык ыкма менен жүргүзүлгөн. Бул аз инвазивдүү ыкма баланын организмине келтирилген жаракатты азайтууга мүмкүндүк берген.
Заманбап медициналык технологиялардын жардамы менен жүргүзүлгөн операциядан кийин беш күн өткөн соң ымыркайдын абалы канааттандырарлык деп бааланып, үйүнө чыгарылган.
Ошондой эле бир айдан кийин өткөрүлгөн көзөмөл текшерүүсүндө баланын ден соолугу жакшы экени жана өнүгүүсү жаш курагына ылайык жүрүп жатканы аныкталган.



