
.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.
ИИМдин маалыматына ылайык, жолугушууда Улан Ниязбеков элчини жооптуу дипломатиялык кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы көп жылдык өнөктөштүк мамилелердин маанисин белгиледи.
Тараптар коомдук коопсуздукту камсыздоо, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү багыттарындагы кызматташтыкты күчөтүү маселелерине көңүл бурушту.
Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга, туруктуу диалогду сактоого жана эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.



