
.
Астанадагы №12 жалпы орто мектептин мугалими Жаркынали Ошаев 7 миң китептен бийиктиги 8 метр болгон өзгөчө мунара курду. Бул тууралуу борбор калаанын акимчилигинин расмий сайты маалымдады.
Кол өнөрчүлүк буюмдары менен буга чейин да көпчүлүктүн көңүлүн буруп келген мугалим бул жолу өзү иштеген мектепте китептерден уникалдуу арт-объект жасаган. Аталган эмгек окуучулар менен ата-энелердин кызыгуусун жаратууда.
Мунаранын өзгөчөлүгү — анда чексиздик эффектиси түзүлгөн. Чоң залдын ортосуна жайгаштырылган курулма сыртынан караганда бир нече метр бийиктикте көрүнөт. Ал эми ичине көз чаптырганда мунаранын чокусу залдын шыпынан да жогору уланып кеткендей элес калтырат.
Мындай оптикалык иллюзия полго жана шыпка орнотулган күзгүлөрдүн жардамы менен түзүлгөн. Долбоордун автору бул эмгеги аркылуу китеп адамзатка чексиз билимдин жана маалыматтын дүйнөсүнө жол ачарын көрсөткүсү келген.
Долбоорду ишке ашырууда коопсуздук талаптары толугу менен эске алынган. Мунараны курууга керектүү китептерди мектептин мугалимдери жана окуучулары чогултуп беришкен.



