
.
Кыргызстанда эмгек миграциясына кеткен жарандарды балдарын карап калган жакындары менен юридикалык жактан камкорчулук келишимин түзүүгө милдеттендирүү сунушталууда. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев 24-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Министрдин айтымында, мындай чара миграцияда жүргөн ата-энелердин балдарына карата жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.
«Балдарын чоң ата-чоң энелерине, туугандарына калтырганда көп балдарга туруктуу көзөмөл болбой, алар кылмышка барып же балдардын өзүнө карата камкорчулардан мыйзам бузулган фактылар орун алып жатат», — деди Имангазиев.
Буга чейин, 24-апрелде министрдин орун басары Мирлан Байгончоков парламенттеги «Ишеним» депутаттык тобунун жыйынында мигранттардын жакындарынын колунда калган балдардын саны Кыргызстанда 84 миңге жетерин билдирген.
Ошондой эле былтыр январда президент Садыр Жапаров балдар менен иш алып барган социалдык кызматкерлердин санын көбөйтүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын негизинде турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар менен иштөө үчүн 550 штаттык бирдик кошулган.
Укук коргоочулар ата-энеси эмгек миграциясында жүргөн балдар ар кандай зомбулукка көбүрөөк кабыларын белгилеп келишет.