
.
Бүгүн эртең менен Лебединовкадагы Жеңиш проспектинде жүргүнчү ташуучу автобус менен фура сүзүштү. Жол кырсыгынан алты адам жаракат алды.
Маалыматка ылайык, тез жардам кызматына чакыруу саат 07:43тө түшүп, окуя болгон жерге беш медициналык бригада жөнөтүлгөн.
Жабыркагандардын үчөө баш мээ жаракаттарын алып, нейротравматология бөлүмүнө жаткырылган. Дагы бир адам бетинен жаракат алып, жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жеткирилген.
Ал эми 43 жаштагы автобустун айдоочусунун буттары унаанын ичинде кысылып калган.
Ошондой эле кырсыктан жабыркаган жаш бала тез жардам кызматкерлери келгенге чейин ооруканага жеткирилгени маалымдалды.



