
.
Президент Садыр Жапаров Каракол шаарына болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө шаар үчүн сатылып алынган жаңы коммуналдык техникалар менен таанышты.
Кароо учурунда техниканын айрымдары техникалык талаптарга жооп бербей турганы белгилүү болду.
Кызматкерлердин айтымында, Каракол үчүн кузовунун көлөмү 14 жана 10 куб метр болгон 11 таштанды ташуучу унаа заказ кылынган. Бирок келген беш унаанын кузову техникалык тапшырмада көрсөтүлгөндөй 14 куб метр эмес, болгону 12 куб метр болуп чыккан.
Мындан тышкары, кызматкерлер айрым техникалар заводдон чыгарылган эмес, «кустардык ыкма менен жасалгандай» экенин айтышкан. Бул көйгөй таштанды ташуучу унааларга гана эмес, башка жеткирилген атайын техникаларга да тиешелүү экени белгиленди.
Маалыматка ылайык, сатып алууну Каракол мэриясы жүргүзгөн. Ал эми техниканы жеткирген компания ортомчу фирма болуп чыкканы айтылып, учурда бул факты боюнча тергөө жүрүп жатат.
«Техникаларды алмаштырсын. Эгер техникалык талаптарга жооп берген жаңы техникаларга алмаштыруу мүмкүн болбосо, анда заводдон чыгарылган техника менен кустардык ыкмада жасалган техниканын баасынын айырмасы өндүрүлүп алынышы керек», — деди президент.