
.
АКШда кызамык оорусунун жайылышынан улам каза болгондордун саны көбөйүүдө. Пенсильвания штатынын бийлиги дүйшөмбү күнү бул илдеттен дагы бир адам көз жумганын билдирди. Натыйжада быйыл кызамыктан каза болгондордун саны тогузга жетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Штаттын Саламаттык сактоо департаментинин маалыматына караганда, акыркы каза болгон адам Пенсильваниянын борбордук бөлүгүндө жашаган жана кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөн эмес. Андан алынган анализ вирустун бар экенин тастыктаган.
Жыл башынан бери Пенсильваниянын 46 округунда кызамыктын 1 638 учуру катталып, 330 бейтап ооруканага жаткырылган.
Буга чейин Вирджиния штатында 2026-жылы кызамыктан биринчи адамдын каза болгону кабарланган. Анда оорунун курмандыгы бала болгон. Ошондой эле Висконсин штатында эки, Нью-Йорк штатында дагы бир бала кызамыктан көз жумганы маалымдалган.
Штаттардын расмий маалыматтарына ылайык, быйыл АКШда кызамыктан кеминде 13 адам каза болгон. Бирок АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору (CDC) азырынча алты гана өлүм учурун расмий тастыктаган. Мекеме бул учурлар кайсы штаттарда катталганын тактаган эмес.
Штаттык жана федералдык статистиканын ортосундагы айырмачылык CDC быйыл өлүм көрсөткүчтөрүн эсептөөдө штаттардын маалыматтарынын ордуна Улуттук саламаттык сактоо статистикасы борборунун маалыматтарын колдоно баштагандан кийин пайда болгон.
АКШнын Саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар министрлиги Пенсильванияда дагы бир адамдын каза болгонуна байланыштуу өкүнүчүн билдирген. Ошондой эле CDC штатка 2027-жылы эпидемияга каршы чараларды жүргүзүү үчүн дээрлик 4 миллион доллар көлөмүндө бир жолку чукул каржылоо бөлгөнүн маалымдаган.
Эске салсак, өткөн аптада АКШ 26 жылдан бери сактап келген кызамыктын эндемикалык жайылышы жоюлган өлкө статусунан ажыраган.
CDCнин маалыматына ылайык, 19-ноябрга карата өлкө боюнча быйыл кызамыктын 5 838 тастыкталган учуру катталган.
Ричмонд университетинин эпидемиологу Кэтрин Якобсендин айтымында, быйылкы оорунун очокторунун көбү амиштер жана консервативдүү меннониттер жашаган жамааттарда катталган. Анын белгилешинче, эмдөөдөн өтпөгөн адамдардын массалык чогулуштары вирустун тез жайылышына шарт түзүүдө.
Ошол эле учурда адис оорунун очоктору негизинен айыл жериндеги диний жамааттарда катталып жатканы башка калктын өкүлдөрү үчүн коркунуч жок дегенди билдирбей турганын белгилеген.