
.
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тогуз-Булак айылына караштуу Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешип, эки үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жер көчкү 10-октябрда саат 14:00 чамасында жандана баштаган. Анын жаракасынын узундугу 220 метрге жакын болсо, көчкү массасынын көлөмү 42 миң 800 куб метрди түзөт. Жер массасынын жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрге жеткен.
Жер көчкү коркунучу бар аймакта эки турак үй, Ылай-Талаа–Гүлчө унаа жолу, электр көмөк чордон жана электр берүүчү мамылар жайгашкан.
Коопсуздук чараларынын алкагында 11 адам эвакуацияланып, Тогуз-Булак айылындагы туугандарынын үйүнө жайгаштырылды.
Учурда адистер жер көчкүнүн абалын изилдеп жатышат. Мындан тышкары, Ылай-Талаа–Гүлчө унаа жолунун 22–23-чакырымдарында убактылуу айланып өтүүчү жол курулууда.
ӨКМдин маалыматына ылайык, кырдаал тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө. Жер көчкүнүн активдешүү себептери такталууда.