
Чүй облустук милициясы Кашка-Суу айылында болгон оор жол кырсыгынын себептерин иликтөөгө алды. Маалыматка ылайык, кырсык 14-майга караган түнү катталып, анын кесепетинен беш адам каза болгон. Алардын төртөө 14, 6, 4 жана 2 жаштагы балдар экени тастыкталды
Айрым маалыматтарга караганда, Кашка-Суудагы жол кырсыгында 29 жаштагы келин жана анын үч баласы, ошондой эле дагы бир өспүрүм кыз каза болгон.
Бишкек–Кашка-Суу жолунда Honda Torneo унаасынын 22 жаштагы айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып, беш адамды сүзүп кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси менен иш козголуп, айдоочу камакка алынды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырып, өзгөчө эл жашаган аймактарда жана жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө ылдамдыкты ашырбоону эскертти.



