
,
Григорьев капчыгайында дарыя ташкындап, унаа өтүүчү көпүрөнү агызып кетти.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, дарыянын аркы жээгинде болжол менен 300дөй адам калып калган. Учурда унаалардын жана жөө адамдардын өтүүсү толугу менен жабылды.
Жабыркагандар жок. Окуя болгон жерде калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.