
шектүү
Бишкек шаарында мал уурулугуна шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 12-майда Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 8-апрелде Түндүк көчөсүндөгү Бугу-Эне-Багыш конушунда катталган. Белгисиз адамдар баасы 1000 долларга бааланган койду уурдап кетишкени айтылат.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери 2000-жылы туулган Т.К. аттуу жаранды кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө маалында шектүүнүн буга окшогон башка кылмыштарга да тиешеси болушу мүмкүн экени аныкталган.