
Сот Бишкек мэриясынын жер боюнча чечимин мыйзамдуу деп таап, доо арызды канааттандырган жок.
2026-жылдын 29-апрелинде Бишкек административдик соту Бишкек шаарынын мэриясына каршы берилген доо арызды кароонун жыйынтыгын чыгарды.
Сот Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу тарабынан берилген арызды канааттандыруудан баш тартып, мэриянын чечимдерин мыйзамдуу деп тапты.
Натыйжада, мэриянын 2026-жылдын 23-февралындагы №52 токтому күчүндө калтырылды. Ошондой эле аталган жер тилкесине карата мурда киргизилген убактылуу чектөөлөр жокко чыгарылды.