
Корея Республикасына болгон иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Э.А. Акунбеков SAMAN компаниясы жана Korea Environmental Industry & Technology Institute өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргызстанда калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси талкууланып, Жалал-Абад облусундагы 35 калктуу конуш үчүн суу менен камсыздоо боюнча башкы планды иштеп чыгуу долбоору каралды. Долбоор Шамалды-Сай жана Кочкор-Ата шаарларын кошо алганда 126 миңден ашуун тургунду камтыйт. Анын алкагында суу алуу жайлары, насос станциялары, резервуарлар жана магистралдык түтүктөр сыяктуу заманбап инфраструктураны куруу пландалууда. Мындан тышкары, SAMAN компаниясынын Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачуу маселеси да талкууланды. Тараптар кызматташууну кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.
Корея Республикасына болгон иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Э.А. Акунбеков SAMAN компаниясы жана Korea Environmental Industry & Technology Institute өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Кыргызстанда калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси талкууланып, Жалал-Абад облусундагы 35 калктуу конуш үчүн суу менен камсыздоо боюнча башкы планды иштеп чыгуу долбоору каралды. Долбоор Шамалды-Сай жана Кочкор-Ата шаарларын кошо алганда 126 миңден ашуун тургунду камтыйт.
Анын алкагында суу алуу жайлары, насос станциялары, резервуарлар жана магистралдык түтүктөр сыяктуу заманбап инфраструктураны куруу пландалууда.
Мындан тышкары, SAMAN компаниясынын Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачуу маселеси да талкууланды. Тараптар кызматташууну кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.