
Кыргыз футбол биримдиги машыктыруучулардын квалификациясын жогорулатуу үчүн жаңы аттестациялык семинарларды өткөрүп, өлкө боюнча жаңы окутуу системасын ишке киргизди.
Кыргыз футбол биримдиги өлкө аймактарындагы машыктыруучулардын квалификациясын жогорулатуу максатында кайра аттестациялык семинарларды өткөрүп жатат. Алгачкы иш-чара Ош шаарында башталып, программа жакынкы алты ай ичинде бардык облустарда уланат.
Семинарга КФБнын техникалык директору Дайнис Казакевич катышып, жаңы билим берүү системасынын маанисин түшүндүрдү. Жаңы тартипке ылайык, А, В жана С категориясындагы машыктыруучулар ар үч жыл сайын лицензиясын жаңыртып, жалпы 36 сааттык окуудан өтүүгө милдеттүү. 2026-жылы бул талаптын алкагында 12 сааттык окуу каралган.
Иш-чарада машыктыруунун жаңы методикасы тааныштырылып, катышуучулар теориялык жана практикалык билим алышты. Кийинки семинар 2–3-июнь күндөрү Талас облусунда өтөт.



