
спорт
Кыргызстандык спортчу Эрлан Марс уулу Вьетнамда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медалга ээ болду. Ал 23-майда 82 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты, бул салмакта жалпы 7 спортчу эки тайпага бөлүнгөн. Тайпалык баскычта Марс уулу эки жолу мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип, биринчи орун менен жарым финалга чыкты. Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык балбан казакстандык спортчуну 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңсе, чечүүчү таймашта өзбекстандык атаандашынан күчтүү болду.
Жыйынтыгында Эрлан Марс уулу 1-орунду ээлеп, Азиянын жаңы чемпиону аталды.