
Кыргыз футбол биримдиги ISO 9001:2015 сертификатын алып, Борбор Азияда бул стандартка ээ болгон биринчи улуттук футбол уюму болду.
Кыргыз футбол биримдиги ISO 9001:2015 эл аралык стандартына шайкештикти тастыктаган сертификатка ээ болду. Бул КФБнын сапат менеджмент системасын эл аралык талаптарга ылайык ийгиликтүү киргизгенин билдирет.
КФБ бул стандарт боюнча сертификациядан өткөн Борбор Азиядагы биринчи улуттук футбол ассоциациясы болуп калды. ISO 9001 стандарты спорттук уюмдарда башкаруунун сапатын жогорулатуу жана процесстердин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн колдонулат.
Сертификат 24-апрелде расмий тапшырылып, документ КФБнын Башкы катчысына «CERT International s.r.o.» өкүлү тарабынан берилди.
Бул жетишкендик уюмдун башкаруу системасын өркүндөтүүгө, эл аралык ишенимди бекемдөөгө жана өлкөдө футболду өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.



