
Чүйдө АФК “С” категориясында машыктыруучуларды даярдоо курсу башталып, 18 адис окутулууда.
Кыргыз футбол биримдигинин алдындагы Машыктыруучуларды окутуу борбору Чүй облусунда АФКнын “С” категориясындагы машыктыруучулар курсун баштады. Окууга 18 катышуучу тартылды.
Сабактарды эл аралык инструкторлор Светлана Кашуба жана Мурат Джумакеев өткөрүүдө. Программа үч модулдан туруп, ар бири төрт күнгө созулат, жалпы окуу мөөнөтү үч айды түзөт.
Бул лицензия машыктыруучуларга 12 жашка чейинки балдар менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берет жана өлкөдө балдар футболун өнүктүрүүгө багытталган.