
Спорт сарайында өтүп жаткан мелдешке жети өлкөдөн келген мушкерлер катышып, жеңиш үчүн күч сынашууда.
Бүгүн, 27-апрелде Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык бокс турнири башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Берилген маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия жана Беларусь мамлекеттеринен келген спортчулар катышууда.
Мушкерлер ар кандай салмак категорияларында күч сынашып, жеңүүчүлөрдү аныкташат.
Эл аралык турнир 2-майга чейин уланат.