
Баткенде стадиондор жана футбол академиясынын курулушу текшерилип, иштердин жүрүшү жана мөөнөттөрү талкууланды.
Баткен облусунда футболдук инфраструктураны өнүктүрүү алкагында курулуп жаткан объектилерге инспекция жүргүзүлдү. Кызыл-Кыя шаарындагы Т. Кулатов атындагы стадиондун реконструкциясы, ошондой эле Баткен шаарындагы стадион менен футбол академиясынын курулушу текшерилди.
Инспекцияны КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков жүргүзүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда курулуш иштеринин жүрүшү жана мөөнөттөрү талкууланып, тиешелүү сунуштар берилди.
Ошондой эле курулуш жүрүп жаткан объекттер жеринен каралып, долбоордук жана подряддык уюмдар менен биргеликте иштердин абалы бааланды.