
.
Чүй облусунун Лебединовка айылында жеке менчик мончодон чыккан саркынды суулар дренаждык каналга түз төгүлүп жатканы белгилүү болду.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, мыйзам бузуу жергиликтүү тургундардын кайрылуусунан кийин жүргүзүлгөн текшерүү учурунда аныкталган.
Бул факты боюнча мончонун ээсине протокол түзүлүп, ал жоопкерчиликке тартылды. Ошондой эле мыйзам бузуу кесепеттерин жоюу жана саркынды суулардын каналга агышын токтотуу боюнча талап коюлду.