
.
24-ноябрда эртең менен «Манас» эл аралык аэропортунда паспорттук көзөмөл системасы иштебей, жүргүнчүлөр бир топ убакыт кезек күтүүгө аргасыз болушкан.
Kaktus.media басылмасына окурмандар билдиргендей, мүчүлүштүк үч саатка созулуп, айрым каттамдардын учуу убактысы жакындап калганына карабастан, жүргүнчүлөр паспорттук көзөмөлдөн өтө албай турушкан.
«Кыргызстандын аэропорттору» ААКсы бул маалыматты тастыктап, чек ара көзөмөлүндөгү системада техникалык мүчүлүштүк болгонун билдирген. Компаниянын маалыматына караганда, көйгөй эртең мененки саат 07:00 чамасында катталган. Бирок мүчүлүштүк үч саат эмес, болжол менен 30 мүнөткө созулган. Бардык жүргүнчүлөр көзөмөлдөн өтүп, каттамдарга кечигүү болгон эмес.
Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 24-ноябрда саат 06:23тө «Манас» эл аралык аэропортунда Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунда техникалык мүчүлүштүк катталган.
Саат 08:30да системанын иши толугу менен калыбына келтирилген. Учурда чек ара көзөмөлү штаттык режимде жүргүзүлүүдө.