
.
Бишкектин Биринчи май райондук соту криминалдык чөйрөдө "Узун Улан" деген каймана ат менен белгилүү Улан Барчакеевди тогуз жылга эркинен ажыратты. Бул маалыматты Бишкек шаардык соту "Азаттыкка" ырастады.
Сотто менен Барчакеев "уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу", "каракчылык жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)" беренелери боюнча айыптуу деп табылды. Соттун өкүмү менен анын мүлкү конфискацияланып, жалпы тогуз жылга эркиндигинен ажыратылды.
Жаза мөөнөтү ал кармалып, камакка алынган 2025-жылдын 4-сентябрынан тартып эсептелет. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейинки камакта кармалган убактысы эркинен ажыратуунун эки күнүнө бир күн катары эсепке алынат.
Шектүүнүн жакындары жана жактоочусу сот өкүмү тууралуу комментарий бере элек.
Ички иштер министрлиги 2025-жылы 4-сентябрда (ИИМ) криминалдык чөйрөдө “Узун Улан” каймана аты менен белгилүү 1972-жылы туулган Б.У.К. аттуу Кыргызстандын жараны Москвада кармалып, алып келингенин билдирген. Ал оор кылмыштарды жасаганы үчүн мурда бир нече жолу соттолгону жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөнү кабарланган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган.
Б.У.К. кримтөбөл, маркум Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) жакын, ишенимдүү адамы болгонe жана анын жеке коопсуздугуна жооп бергени айтылган.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. Мүлкү мамлекеттин карамагына өткөн. Ошондон бери аны менен байланышы бар делген бир катар адамдар камалып, айрымдары абактан чыккан.