
.
«Караван-Инфо Кыргызстан» маалымат агенттиги «Евразия» эл аралык сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнүн катарына кошулду. Сынакка дүйнөнүн 73 өлкөсүнөн жалпы 5512 долбоор сунушталып, алардын ичинен 10 долбоор жеңүүчү деп табылды.
Кыргызстандык маалымат агенттиги эл аралык сынактын мыкты он долбоорунун катарына кирип, өлкөнүн медиа тармагындагы жетишкендигин көрсөттү.
«Караван-Инфо Кыргызстан» — кыргыз жана орус тилдеринде маалымат жарыялаган маалыматтык-аналитикалык платформа. Агенттик Кыргызстандагы коомдук-саясий окуяларды, социалдык-экономикалык өнүгүүнү, маданиятты, билим берүүнү, эл аралык кызматташтыкты жана Евразия аймагындагы процесстерди чагылдырат
Дүйнөнүн 73 өлкөсүнөн келген миңдеген долбоорлордун арасынан тандалып алынуу редакциянын ишине берилген баа катары белгиленди. Бул жетишкендик кыргызстандык медианын эл аралык деңгээлде таанылуусуна жана өлкөнүн демилгелерин чет өлкөлөргө жайылтууга өбөлгө түзөт.
Жыйынтыгында 10 гана долбоор жеңүүчү деп табылып, алардын бири катары «Караван-Инфо Кыргызстан» маалымат агенттиги белгиленди.



